Төрага

Бирикмебиздин Төрагасы Эрмек Омуралиевдин кайрылуусу

***

Кымбаттуу мекендештер! Сүйүктүү достор!

Эгемендик коомдук бирикмебиз, чет өлкөлөрдө окуп, жашап өз мамлекетинин кадыр-баркын башкалар менен салыштыра баалаган, жаш мамлекетибиздин аброюн көтөрүүгө бел байлаган жана өз мекенин сүйгөн билимдүү жаштарды бириктирмекчи.

Мындай коомдук бирикменин зарылчылыгын эч ким деле танбаса керек. Жалгыз гана Түркияда 5 миңден ашуун жаштарыбыз билим алды. Баарыбыздын бир жалпы жагыбыз бар.

Чет өлкөдө өз элибизден узакта жүрүп адам баласы үчүн Мекен, эгемендүүлүк жана көз карандысыздык деген түшүнүктөрдүн канчалык баалуу экенин түшүндүк. Алдыңкы билим жана патриоттук сезим менен гана буларга чыныгы мааниде жетүүгө болооруна ынандык. Өз эли-жерибизге кайра кайтканда бул жаатка өз салымыбызды кошолу, кайдыгер калбайлы дедик.

Ошондуктан, кымбаттуу курдаш, эгер

- биздерди чет өлкөгө жиберип билим алууга жол ачып берген өз мамлекетибизге, өз элибизге кызмат кылууга даяр болсоңуз;

- Кыргызстан, өз мекенин сүйгөн атуулдарынын (ар бирибиздин) күчү менен гана өнүгүп кетээрине ишенсеңиз;

- мамлекетибиздин келечеги азыркы жаштардын билимине, алдыңкы тажрыйбасына жана патриоттук сезимдерине түздөн түз байланыштуу экенин билсеңиз,

- ушуларды ишке ашырууну өзунө максат кылып алган күч-кубаттуу бир коомдук бирикменин мааниси чоң десеңиз;

анда бизден четте калбаңыз, биздин катарыбызда болуп, Кыргызстандын жеңилин жерден, оорун колдон алууга кошулуңуз.

Күч бирдиктүү Кыргызстанда!