“Эгемендик” коомдук бирикмеси, чет мамлекетте билим алган Кыргызстан жарандарынын өз ара тыгыз карым катнашы аркылуу, мамлекетибиздин ар тараптуу өнүгүшүнө өз салымын кошуусун максат алды.
Бул максатын ишке ашыруу үчүн 4 негизги багыт белгиленген;
1. Чет мамлекетте билим алган Кыргызстан жарандарынын биримдиги багыты
2. Мыйзам жана укук мамлекетин орнотуу багыты
3. Экономика багыты
4. Маданият багыты
Чет мамлекетте билим алган Кыргызстан жарандарынын биримдиги багыты
Чет мамлекетте билим алган Кыргызстан жарандарынын;
- Кыргызстанда укугун жана кызыкчылыктарын коргоо,
- Алган билимин жана тажрыйбасын ыңгайлуу пайдалануусуна көмөк көрсөтүү,
- Өз ара иш карым катнаштыктардын, шериктештиктердин куруулуусуна ыңгайлуу чөйрө түзүү.
Мыйзам жана укук мамлекетин орнотуу багыты
- Мамлекеттик башкаруу механизимдерин өнүктүрүү долборлорун ишке ашыруу
- Жарандардын мыйзамга болгон урматын арбындатуу жана мыйзамдардын аткарылышын үгүттөө иш аракеттери
- Бул багыттагы мамлекеттик иш чараларга катышуу
Экономика багыты
Мүчөлөрүбүздүн чет өлкөдө алган билим, тажрыйба жана өнөрлөрүн мамлекетибиздин экономикалык өнүгүшүнө колдонуу багытында;
- Изилдөө, өнүктүрүү жана жаңылоо долбоорлорун ишке ашыруу,
- Мамлекетибизге жаңы инвесторлорду тартуу,
- Дүйнө аренасында Кыргызстан иш чөйрөсүнүн абройун көтөрүү.
Маданият багыты
Кыргыз эл мурасын, маданиятын жана тилин сактоо жана дүйно жүзүнө таанытуу багытында;
- Ар турдуу иш чаралар жана каражаттар аркылуу жарандык, патриоттук жана улуттук аң-сезимди өнүктүрүүгө салым кошуу,
- Башталгыч мектептерден баштап бүткүл билим берүү мекемелери жана медиа каражаттары аркылуу мекенди, эне тилди, маданий мурас жана жалпы эле улуттук асылзаттарды сүйүү жана коргоо боюнча жигердүү иш чараларды көрүү,
- Улуттук асылзаттардын ар тараптуу өнүктүрүлүп глобалдык чөйрөдө өзүнүн татыктуу ордун алуусу боюнча мамлекеттик иш-чараларга көмөк көрсөтүү.


