Эрмек Омуралиев
«Эгемендик» коомдук бирикмесини эмнеге түздүк? эмне түрткү берди?
Жогорку окуу жайы жана жумуш себептеринен улам бир канча жыл чет өлкөдө жүрүп калып кийин Европа жана түштүк-чыгыш мамлекеттериндеги турмушту көргөндөн кийин, эмнеге 5 миллиондук Кыргыз элибиз, Кыргыз мамлекетибиз мындай өнүгүп бутка туралбай жатат деген ойлор көп учурда аң-сезимимди тынчсыздандырат. Ошондуктан, Кыргызстанга четтен кайтып келгенден кийин мамлекетибиздин өнүгүшүнө колубуздан келген салымыбызды кошушубуз керек, чет өлкөдө жүрүп, көргөн оң (позитивдуу) үлгүлөрдү , топтолгон тажрыйбаларыбызды жана эмгек менен табылган байланыштарды тиешелүү мекемелерге сунуш кылып, мүмкүнчүлүк болсо, чогуу ишке ашырып болгон аракеттерибизди жумушашыбыз керек деген жыйнтыкка келген элем. Мындан улам, «Мамлекет мен үчүн эмне кылды дебестен, биз мамлекетибиз үчүн эмне кылдык» деген ураанды алгач кадам тезис катары багыт алганмын. Бир проблема жээ татаал маселе боюнча критика кылып сындаш оңой эле, бирок конструктивдүү сынды, мүмкүн болсо, мындай маселени чечүү максатында бир канча алтернативдүү сунуштар менен толуктасаңыз, мына ошондо мамлекетимдин өнүгүүсүнө оз салымымды кошуп бул турмушта чыныгы изимди калтырып кеттим десеңиз болот.
Мен ойлом, чет өлкөдө окуу жайын бүтүргөн улан-кыздардын көбү, азыр Кыргызстанда жээ чет мамлекетте иштеп жатсада, ата мекенибиз, Кыргыз элибиз азыркы абалга салыштырмалуу мындан көп эсе жакшы турмушка татыктуу деп ишенет. Жана мындай максатты ишке ашыруу үчүн бүтүн керектүү мүмкүнчүлүктөрүбүз жок эмес. Ар бирибиз «Бул мамлекетти мен куткарамбы?» дебей, ар бирибиз «Ата-мекенибиз! Атажуртубуз!» деп бирден тамчы болсо да салымыбызды кошсок, бул тамчы көлгө, деңизге айланып мамлекетибиз умут кылган деңгээлге келерине ишенемин.
Күч бирдикте, урматуу мекендештер, урматуу патриоттор!
***
Эркинбек Жороев
Бир коомдук бирикмеге мүчө болуу, кандайдыр бир дос жана тааныштардын суранычы менен тизмени толтуруу, анан көпчүлүктүн атын жамынуу эмес, ыктыярдуу бир коомчулуктун ортомчулугу менен коомго аз да болсо пайдалуу болууну көздөгөн жигердуу инсандардын катарында болуу экенин түшүндүрүү иши эч качан оңойго жатпайт. Ошондуктан биз баарынан мурда бирикмебизди иш жүзүндө таанытууга белсендик, бир жылдын ичинде коомдук бирикмени белгилүү деңгээлге алып келдик.
Жалпы элибиздин пайдасын көздөгөн, улутубуздун руханий жана маданий деңгээлин көтөрүүнү максат кылган, жаш мамлекетибиздин эл аралык жана региондук чөйрөдө аброюн көтөрүүнү милдет деп эсептеген, башталгыч класстардан баштап буткул кыргыз жаштарынын потенциалын ар тараптуу которууго умтулган “Эгемендик” коомдук бирикмесинин куруучусу катары досторго, чет өлкө бүтүрүүчүлөрүнө, элине күйгөн жарандарга ишенимдүүлүк менен кайрыламын:биз менен болуңуздар, куч бирдикте.
***
Шергазы Сооронкулов
Бардыгыбыздын жалпы өзгөчөлүгүбүз – бул чет өлкөдө окудук, жашадык. Алыс жерде журуп мекенибизди башка өлкөлөргө салыштырууга мүмкүнчүлүгүбүз болду. Ошонун натыйжасында көп маселелерде орток коз-караш жана окшош пикирлерге ээ болдук. Эгемендик коомдук бирикмеси бүгүнкү күнгө чейин бирбирини жакшы тааныбаган пикирдеш адамдарды жакындатат жана бириктирет деген ойдомун. Эч болбосо, ушул бирикменин мүчөлөрү бирбири менен тыгыз мамиледе болуп, турмушта, жашоодо, бизнесте бирбири менен иш жүргүзүшсө деген максат менен коомдук бирикмебизге кошулууга чакырам.
***
Уран Ниязалиев
Бирикмени куруп жатканда, жаңы төрөлгөн адам баласына ат койгондой эле, мааниси өзүнө жарашсын деген ниет менен, Эгемендик деп атадык. Атажуртубузда көп жылдардан бери тышка көз каранды жашоо өкүм сүрдү. Анын кесепетинен Кыргызстан өз руханиятын, кылымдар боюнча тамчы тамчы чогулган маданиятын дүйнө жүзүнө эркин жарыялаганга мүмкүнчүлүгү болгон жок. Учурда эгемендигибизди толук маанисине жеткирүү жана бул кереметтин баардык берекеттеринен пайдалануу милдети турат. Бул милдетти аткаруу биргана биримдиктин жолу менен мүмкүн. Ошондуктан урматуу Мекендештер биригели, бириктирели !
***
Бектур Бекетаев
***
***
***
***
***
***
Темирлан Сарлыкбек уулу
***
***
***
***
***
Данияр Арынов
***
**
**
Уланбек Тынччылык уулу
Ар бир адам бойго жетип, тирилик кылган күндөн тартып, ойлонуп, коомдук ар-түрдүү кырдаалдарга баа берип, өзүнчө ой жүгүртүп, өз пикирин билдирип, ошол аркылуу өз мендигин калыптайт экен. Алыскы төрөлгөн жерим Ат-Башынын баш айланткан бийик тоолорунун боорунда отуруп, ааламга салыштырмалуу айылымдын канчалык кичине экендигин, андан чыккан жол алыстарга алып бара тургандыгын сезбептирмин. Эми үчүнчү мүчөлүү жылымды жашап жатып, үч жолу өлкөдө болгон түп тамырынан бери өзгөргөн мамлекетимдин абалын көрүп, ооз ачпай балык сымал абада тумчугуунун кажети жок экендигин туйдум.
Ушул себептен өз пикиримди, мени түшүнгөн пикирлеш, тилектеш, сапташ инсандар менен чогуу элдин калың катмарына, атка минээр журт башчыларына, элге кызмат кылган кыздарына жана уулдарына билдирүүгө бел байладым. Ошончо майдаланган коомдор, бирикмелер, фонддор, партиялар жана уюмдар арасында элдин келечеги үчүн, өзгөчө жаш муундун торолушуна өбөлгө түзүү максатында, алардын биримдигин сактоо тилеги менен, билим алып өлкөсүнө пайда келтирүүсүн үмүт кылып ушул «Эгемендик» коомдук бирикмесин туздук.
Эгемендик деп атап койгонубуз дагы өзүнчө бир тарыхка ээ. Себеби суусап эгемен болууну көздөп жүрүп Эгемен Кыргыз болдук. Элибиз Эгемен болгон күндөн тартып ар тарапка окуучу жөнөтүп, жакшы өрнөк баштаттык. Бирок билим берип, көптөгөн акча каражатын коротуп окуткан менен анын пайдасын көрөалбай келебиз. Анын бир канча жөндүү себептери бар. Алардын биринчиси, өнүгүү жолун тандабай туруп ар тарапка окуучуларды жолдодук. Алар ар башка тарбия алып, ар түрдүү тилдерде сүйлөп, ар түрдүү динге берилип, ар түрдүү чаржайыт ой-пикирге ээ болуп эми минтип ич ара топтошууларга алып келип олтурат. Экинчиси, бизге кандай адистер керек болоорун талдабай туруп кереги бар деле, кереги жок деле адистиктерге окушуна мүмкүнчүлүк бердик. Азыркы учурда милиционери-куруучу, менеджери-челнок, тарыхчысы-сатуучу жана башка ушундай адистиктерде иштеп кележатышат.Үчүнчүсү, окуусун бүтүрүп жумуш издеген жаштарыбызды бириктирип, пландап жумушка орноштуруп, алардын билимин колдонгон жокпуз. Демек окутуунун кажети бар беле деген суроо туулат.
Ошондуктан биздин оюубуз алгач адистикти тандоого жардам берсек, окуп жаткан учурдагы маселелерди чечүүгө көмөк көргөзсөк, бүтүрүүчүлөрдүн башын кошуп, аларды биримдике үндөп, ишке орношуу процессинде жол көргөзүп, бири бирибизди колдосок деген ой негизги биздин максатыбыз.
Мындан тышкары олкодогу болуп жаткан жакшы корунушторду алдыга сүйрөп, жаман жактарын жоюуу үчүн иш-аракеттерибизди жумшасак дейбиз. Чет өлкөдө окуп алган билимибизди колдонуп, алган тарбиябызды жайылтып, пайдалуу жана өрнөктүү иш алып барсак деген тилегибиз бар.
Алыска чыкканда Кыргыздар алгач атына, анан жолдошуна карайт эмеспи, анын сынарындай, мен ушул коомдун мүчөлөрүнө кандай ишенсем, «Эгемендик» коомдук бирикмесинин атына заты жарашкан коомдук бирикмелерден болооруна толук ишенем.


