Коногубуз: Марат Султанов

Бирикмебиз жана ЖИА (Жаш Ишкерлер Ассоциациясы) биргелешип “Президенттик Шайлоо 2011″ долбоорун мүчөлөрүнө тартуулашты.

Алдыдагы Президенттик шайлоолор алкагында талапкерлердин максаттарын жана пландарын жакындан тааныш үчүн ар апта бир талапкер менен жолугушуу өткөрү пландаштырылган. Алгачкы жолугушуубузга ЖК Депутаты Марат Султанов конок болду.

Сөздү өзүн жана программасын таанытуу менен баштаган Султанов мырза андан соң катышуучулардын суроолоруна жооп берди.

Бул долбоорубуз ушул маанайда улантылмакчы. Эмики аптадагы конокторубуз туралуу маалымат алып чогулуштарга катышам десеңиз биз менен байланышыңыз.