Кыргызстанда иш алып келген Түрк мекемлери жана бирикмебиздин Башкармалык мүчөлөрү арасында түзүлгөн Кыргыз – Турк достук тобу кезектеги чогулушун Бирикмебиздин жыйын залында өткөрдү. Чогулушта бул топту өнүктүрүү жолдору жана жакында ишке ашырууну максат кылган долбоорлорубуз талкууланды.
Чогулушка катышкан мекемелер жана өкүлдөрү:
1. Проф. Док. Махмут Изжилер (Манас Университети – Ректор жардамчысы)
2. Муаммер Аккая (Мегамедиа басмаканасы – Ген. Директор)
3. Эзель Агаоглу (Coca – Cola Bishkek Bottlers – Ген. Директор)
4. Шевки Сарылар (Демир Банк – Ген. Директор)
5. Орхан Инанды (Себат билим берүү мекемелери – Ген. Директор)
жана Бирикмебиздин Башкармалык мүчөлөрү.





